super.kg logo

Оштун мэри мектеп ашканасындагы каткан токочторду жетекчилерге бөлүп берди (видео)

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Жетиген” мектебинин ашканасын текшерип, балдарга берилип жаткан токочтун сапатына нааразы болду. Шаар башчысы окуучуларга берилген токочтор катканын, айрымдары чала бышканын жана күйүп кеткенин көрүп, мектеп директорун, аны жасаган кызматкерди зекиди.

Мэр ашканада мугалимдер үчүн самсы бышырылып жатканын көрүп, мындай айырмачылыкты кескин сынга алып, тескерисинче, токочторду мугалимдерге бериш керектигин айтты.

Ошондой эле окуучулар жебей кеткен жана артып калган токточторду үч баштыкка салып шаардагы билим берүү тармагындагы жетекчилерге жана мектеп директоруна бөлүп берүүнү тапшырды.






Оштун мэри мектеп ашканасындагы катыган токочторго нааразы болуп, калдыктарын жетекчилерге бөлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: