Кытайдан келген почтадан тыюу салынган балык торлору аныкталды
Кытайдан келген почта жөнөтмөлөрүндө ташып кирүүгө тыюу салынган балык уулоочу торлор табылды. Бул тууралуу 28-январда Бажы кызматынан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, Кытай Элдик Республикасынан келген почта жөнөтмөлөрдү текшерүү учурунда Кыргызстанга ташып кирүүгө тыюу салынган, жалпы салмагы 11,80 килограммды түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталды.
"Р.К." ЖЧКсынын өкүлү бул категориядагы товарларды ташып кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу кабары жок экенин түшүндүрдү. Аталган факт өлкөнүн мыйзамдарын бузуу болуп саналат. Бул материалдар белгиленген тартипте кошумча иликтөөгө алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















