super.kg logo

Үй-бүлөлүк чырдын фонунда: Виктория Бекхэм Францияда жогорку сыйлыкка татыды

 

Британиялык мода дизайнери, Spice Girls тобунун мурдагы солисткасы Виктория Бекхэм Франциянын Маданият министрлигинен "Искусство жана адабият орденинин кавалери" наамына татыды.

France24 маалымдагандай, сыйлык тапшыруу аземи 26-январда Парижде жабык форматта өткөн. Уюштуруучулар журналисттердин ашыкча көңүлүнөн качууну көздөшкөн. Буга себеп – Бекхэмдердин тун уулу Бруклиндин жакында үй-бүлөлүк чыр тууралуу ачык билдирүүлөрү болгон. Ал 19-январда ата-энесин манипуляцияга айыптап, апасы Никола Пельтц менен болгон үйлөнүү тоюнда орунсуз аракет кылып, жаш жубайлардын биринчи бийин "тартып алганын" айткан.

Сыйлык тапшыруу аземине Виктория күйөөсү – белгилүү футболчу Дэвид Бекхэм, уулдары Ромео жана Круз, ошондой эле кызы Харпер менен келген. Дизайнер жеке блогунда иш-чарадан 17 сүрөттөн турган фототоптом жарыялап, бул сыйлык ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

"Мен француз эстетикасына жана Франциянын моданы искусствонун бир түрү катары кабыл алганына ар дайым суктанчумун. Бул жерде таанылуу – көп жылдык эмгектин жыйынтыгы", - деп жазган ал.

Виктория Бекхэм Франциянын маданият министри Рашида Датиге, ишкер өнөктөштөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. Айрыкча күйөөсүнө токтолуп, аны өзүнүн "алгачкы инвестору" деп атады.

Жарыяланган сүрөттөрдүн биринде Бекхэмдердин дээрлик толук курамы – Виктория, Дэвид, Харпер, Ромео сүйүктүүсү модель Ким Тернбулл менен жана Круз болсо акын Жеки Апостел менен түшкөн. Ал эми Бруклин жана Никола Пельтц иш-чарага катышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: