Бишкекте жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы бордюрду тебелеп өтүп кеткен (видео)
Бишкек шаарында бордюрду тебелеп өтүп кеткен Лексус 460 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 28-январда катталган. Айдоочу жасаган жоругунан кийин суракка алынып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн ага протокол түзүлгөн.
Башкармалык айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен курулган бордюрларга жана жолдорга зыян келтирбөөгө чакырды.
Бишкекте жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы бордюрду тебелеп эле өтүп кетен
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















