Орусия-АКШ-Украина коопсуздук тобунун жолугушуусу февралда Абу-Дабиде өтөт
Орусия, АКШ жана Украинанын коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу тобунун кезектеги жолугушуусу 1-февралда Абу-Дабиде өтөт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен орус басылмалары жазышты.
Песковдун айтымында, жолугушуу болжол менен 1-февралга пландалган жана кайрадан Абу-Дабиде өтмөкчү. "Ооба, 1-февраль, болжолдуу ушундай, азырынча ушуга таянып турабыз", - деди Песков.
Мындан мурда Песков Орусия Украина боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин, бирок алардын жүрүшү тараптардын конструктивдүү мамилесине жараша болорун белгилеген. Ал ошондой эле Орусия, АКШ жана Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөр татаал жүрүп жатканын кошумчалады.
Ошол эле учурда Кремль өкүлү маселенин татаалдыгына карабастан, түз сүйлөшүүлөрдүн башталышын конфликтти жөнгө салууда оң кадам катары баалаарын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















