super.kg logo

Транспорт департаментине жаңы унаалар тапшырылды

 

Бүгүн, 28-январда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 даана кызматтык унааны тапшырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада министр бул унаалар турукташтыруу фондунун эсебинен алынганын жана алар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилгенин билдирди.

Ошондой эле Абсаттар Сыргабаев кызматкерлерди жаңы техникага этият мамиле кылуу менен кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, ата мекендик “Тulpar motors” заводунан чыккан унаалар буга чейин “Кыргызавтожол-түндүк”, “Кыргызавтожол-түштүк” жана "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтуна да тапшырылган. Аталган автоунаалар жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: