АКШ Иранга авианосец баштаган аскердик топ жөнөттү
Жакынкы Чыгышта АКШнын "Авраам Линкольн" авианосецин (самолёттор учууга жана конууга ылайыкталып жасалган согуштук кеме) жетектеген авианосецтик сокку уруучу тобу жайгаштырылды. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп Axios басылмасына берген маегинде Ирандын жээгине "ири армада" жөнөткөнүн айтты. 28-январда Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө ал Тегеран ядролук келишимге макул болбосо, сокку уруларын ачык эскертти. Анын айтымында, бул флот Венесуэлага жөнөтүлгөн күчтөрдөн да ири болуп, "зарыл болсо күч колдонууга даяр".
"Иран тез арада сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, ядролук куралсыз, адилеттүү жана тең укуктуу келишим түзөт деп үмүттөнөбүз. Бул бардык тараптар үчүн пайдалуу болмок", - деди Трамп.
Ал ошондой эле "убакыт түгөнүп баратканын" белгилеп, кийинки чабуул 2025-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн "Түн ортосундагы балка" операциясынан да катуу болорун эскертти. Ал операциянын алкагында АКШнын аба жана деңиз күчтөрү Ирандын ядролук объектилерин бомбалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















