super.kg logo

Бишкекте №8 мектепте санитардык нормалардын сакталышы текшерилди

 

Бүгүн, 28-январда санитардык нормалардын бузулушу тууралуу маалыматтын негизинде Бишкек шаарындагы №8 мектепте жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүгө Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышкан.

Мэриядан билдиришкендей, окуу жайдын имараттарын кароо учурунда санитардык талаптарга жооп бербеген бир катар жагдайлар аныкталды. Ага байланыштуу мектеп жетекчилигине бардык бөлмөлөрдү санитардык эрежелерге так ылайык келтирүү жана кылдат санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Аныкталган кемчиликтер үчүн билим берүү мекемесинин жетекчилигине карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө окуучулар жана педагогикалык жамаат үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, мектептеги ички тартипти жана дисциплинаны сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: