Кыргызстан менен Кытай тарыхый-илимий кызматташтыкты кеңейтет
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын башкы аналитикалык борбору саналган Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян жана аны менен келген делегация мүчөлөрү - тарыхчы окумуштуулар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун жана тарыхчыларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Арслан Койчиев Гао Сянды Кытайдын Цин доорунун тарыхы боюнча белгилүү окумуштуу катары белгилеп, анын эл аралык кырдаалга байланыштуу аналитикалык баяндамалары эксперттик чөйрөдө жогору бааланарын айтты.
Ошондой эле Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун өкүлдөрү менен кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхына байланыштуу булактарды биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















