super.kg logo

Мерц: "Трамптын саламаттыгына шек саноого негиз жок"

 

Германиянын канцлери Фридрих Мерц АКШнын президенти Дональд Трамптын саламаттыгына күмөн саноого эч кандай негиз жок экенин билдирди. Анын айтымында, Трамп өз кызматтык милдеттерин толук аткарууга жөндөмдүү.

Бул тууралуу Мерц Берлин шаарында Румыниянын премьер-министри Илие Боложан менен биргелешкен басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Президент Трамп менен болгон жолугушууларымдын негизинде анын ден соолугуна шек келтире турган эч кандай себеп жок. Июнь айында ал 80 жашка чыгат. Ошого карабастан, ал өз милдеттерин толук аткара алат деген таасир калтырды", - деди канцлер.

Буга чейин The Wall Street Journal'ы 79 жаштагы Дональд Трамп карылыкка байланыштуу айрым физикалык белгилерди жана мүмкүн болгон ден соолук маселелерин жашыруу үчүн косметикалык каражаттарды колдонушу мүмкүн экенин жазган. Ал эми АКШ президентинин өзү аталган басылмага берген маегинде 25 жылдан бери дарыгерлер сунуштагандан көбүрөөк аспирин ичип жүргөнүн жана кээде медициналык кеңештерге көңүл бурбай, "жакшы генетикасына" ишенерин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: