super.kg logo

Орусия Зеленскийге Москвада Путин менен жолугушса, коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр

 

Орусия Украина президенти Владимир Зеленский Москвада Владимир Путин менен сүйлөшүүгө макул болгон учурда анын коопсуздугун камсыздоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Путин Зеленский чын эле жолугушууга даяр болсо, аны Москвага чакырууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. Орусия тарап жолугушуунун коопсуздугун жана бардык зарыл шарттарды кепилдейт.

Ушаков ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп Путин менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Орусия менен Украинанын лидерлеринин жолугушуусун уюштурууну сунуштаганын белгиледи. Кремль мындай сүйлөшүүлөргө каршы эместигин, бирок алар жакшы даярдалып, конкреттүү жыйынтыкка багытталышы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Зеленский жолугушууга даяр экеинин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: