"Жакшынакай эле сүйлөйм, бирок..." Эрулан Кокулов журналисттерди сынга алды
Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов журналисттердин ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирди.
Ал өзү журналисттердин жамандоосуна кабылып жатканын айтып, акчага иштеген журналисттер бар дейт.
"Кыргызстанда журналисттер калган жок. Мен да мурун журналист болгом. Журналисттердин мыйзамын мен жакшы окуганым үчүн ушул деңгээлге жеткем. "Не сахар" долбоору да ошол деңгээлге жеткен. Алар мени жамандап жазышат. Бул жактан, трибунадан жакшынакай эле сүйлөйм, бирок сөзүмдү кесип туруп жамандап чыгарып коюшат.
Эмне себептен экен десем, көрсө, булар бизнес кылышат экен. Карасам, кесиптештерим жакшынакай эле чыгышат, анан мени эле кесип чыгара беришет. Көрсө, булар акча алышат экен. Анан, силер кайсы арыңарга "биз укмушпуз" деп жүрөсүңөр? Бир нерсе десе эле "бизди сүйлөтпөй жатат" деп чыгасыңар. Сүйлөтпөйт да мыйзамды бузуп жатсаңар. Мына, мен "Не сахар" долбоорун алып барып, бир жолу соттолгон жокмун. Анткени мен мыйзамды сактачумун",- деди эл өкүлү.
Эрулан Кокулов журналисттерди сынга алды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















