super.kg logo

ТИМ АКШдагы Кыргыз жарандарын митингдерден алыс болууга чакырды

 

Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларында уланып жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ошол өлкөдөгү мекендештерге коопсуздукту жогорку деңгээлде сактоону эскертти. Министрлик билдиргендей, терс окуяларга жол бербөө максатында массалык иш-чараларга жана нааразычылык акцияларына катышуудан алыс болуу зарыл.

Ошондой эле жарандарга өздүгүн тастыктоочу документти дайыма алып жүрүү, иммиграциялык статусун текшерүү жана уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтүн көзөмөлдөө сунушталууда.

Кыргыз жарандары зарыл учурда АКШдагы Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө дароо кайрылуусу керектиги белгиленди. Мындай чаралар коопсуздукту камсыздоого жана күтүлбөгөн кырдаалдардын алдын алууга багытталган.

Ыкчам байланыштар:

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон):
+1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-29-24

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу:
+1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: