Өлкөдө паспорт алуу тартиби жеңилдетилди
Кыргызстандын 16 жашка толо элек жарандары үчүн жалпы жарандык паспортко документ тапшыруу тартиби 23-январдан тарта жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу "Кызмат" мекемеси билдирет.
Маалыматка ылайык, мындан ары паспортту алууда жашаган жери боюнча каттоонун (прописканын) болушу талап кылынбайт.
"Жашы жете элек баласына жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документ тапшырууда ата-энесинин биринин катышуусу мүмкүн болбосо, нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн макулдук "Электрондук нотариат" маалыматтык системинде жеткиликтүү болуп, арыз берүүчүдө уникалдуу код болгон шартта кызматкерлер аталган макулдук тууралуу маалыматты автоматтык түрдө ала алышат.
Өлкө аймагында таризделген бардык ишеним каттар Калкты тейлөө борборлорунун автоматташтырылган маалыматтык системдери менен интеграцияланган. Ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоодон чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралды. Буга чейин катталган жаран КТБга жеке өзү кайрылууга тийиш болчу",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















