super.kg logo

Beeline — «Бейиш 2: Апама кат» тасмасынын расмий демөөрчүсү

 

Beeline мамлекеттик уюлдук оператору Руслан Акундун "Бейиш 2: Апама кат" көркөм тасмасынын расмий демөөрчүсү болду. 29-январдан тарта тасма Кыргызстандын бардык кинотеатрларында улуттук прокатка чыгарылат.

Тасма 2024-жылкы сенсациялуу кыргыз драмасы «Бейиш – эненин таманында» тасмасынын уландысы болуп калды. Жаңы бөлүк үй-бүлө, эненин сүйүүсү жана адамгерчилик сыяктуу негизги баалуулуктарга арналган таасирдүү жана чын ыкластуу окуяга арналган.

Премьеранын алдында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарында бир катар жабык көрсөтүүлөр болуп өттү. Beeline аларга расмий өнөктөш катары катышты.
Бишкектеги жабык кино көрсөтүүгө миңден ашуун көрүүчү чогулду, алардын арасында мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер жана башка ардактуу коноктор болду. Тасма жылуу кабыл алынып, эч кимди кайдыгер калтырган жок.

— Күчтүү улуттук кино – бул искусство гана эмес, руханий багыттарды, маданий өзгөчөлүктү сактоонун жана муундардын диалогунун жолу, — деп белгиледи Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — «Бейиш 2: Апама кат» тасмасы түбөлүктүү нерселер жөнүндө ойлонууга мажбурлайт. Beeline үчүн мындай долбоорлорду колдоо – бул адамдарды бириктирип, дүйнөнү жакшыртууга салым кошуу.

Бул өнөктөштүк бир жолку демилге эмес, Beeline компаниясынын ата мекендик кинематографияны колдоого багытталган ырааттуу стратегиясынын бир бөлүгү. Мамлекеттик мобилдик оператор бул багытка өзгөчө көңүл бурууну пландаштырууда, анткени дал ушул маданият жана искусство өлкөнүн жана коомдун өнүгүүсү үчүн зарыл болгон негиздерди түзөт.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: