super.kg logo

Макрон Украина боюнча позициясын билдирди

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париж Украинага канча керек болсо, ошончо убакытка чейин колдоо көрсөтүүгө даяр экенин, ошондой эле кыштын оор шартында украин элине жардам берерин билдирди. Бул тууралуу ал 28-январда Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин Х социалдык тармагына жазды.

"Франция Орусиянын жарандык объекттерге жана энергетикалык инфраструктурага жасаган соккуларын кескин айыптайт. Абалдын шашылыштыгына байланыштуу биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялап жатабыз",- деп жазды Макрон.

Анын айтымында, Франция төрагалык кылган G7+ жолугушуусунан кийин Украинанын калкына кыштын оор шартында жардам берүү үчүн өлкөгө генераторлор жөнөтүлөт.

"Франциянын позициясы так: Украина өзүн коргой алышы үчүн биз аны канча керек болсо, ошончо убакыт колдойбуз. Украина “Каалоочулар коалициясынын” алкагында да Францияга ишене алат. Биз Украинанын жана жалпы Европанын коопсуздугун кепилдей турган адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн шарттарды түзүү үстүндө ишти улантабыз",- деп кошумчалады ал.

Макрон билдиргендей, тараптар өткөн жумада Абу-Дабиде башталган Украина, Орусия жана АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн да талкуулашкан. Алар европалыктарды түздөн-түз тиешеси бар маселелерди талкуулоого толук тартуу зарыл деген орток пикирге келишкен.

"Франция тынчтыктан качып жаткан Орусияга карата басымды күчөтүүгө бекем ниетте. Биз Европа деңгээлинде жаңы санкциялардын үстүндө иштеп жатабыз жана “көмүскө деңиз флотунун” ишмердүүлүгүн чектөө аракеттерин улантабыз",- деди Макрон.

Украина президенти Владимир Зеленский да Х социалдык тармагында Франция президенти менен болгон сүйлөшүүгө комментарий берди.



"Биз дипломатиялык аракеттерди, Абу-Дабиде өткөн жолугушууларды жана келечекте болушу мүмкүн болгон жаңы сүйлөшүүлөрдү талкууладык. Ошондой эле Орусиянын “көмүскө деңиз флотуна” каршы чаралар тууралуу сөз болду",- деп жазды Зеленский.

Анын айтымында, Макрон тиешелүү мыйзамдык иштер жөнүндө маалымат берип, Киев "маанилүү чечимдерге" үмүт артып жатканын белгилеген.

"Албетте, энергетикалык туруктуулукту кантип чыңдоо маселесин да карадык. Жакын арада Украина Франциядан генераторлорду алат. Ошондой эле быйыл француз учактары, абадан коргонуу системдери үчүн ракеталар жана авиациялык бомбалар кошумча жеткирилет",- деп билдирди Зеленский.

Буга чейин Европа комиссиясы Украинага ооруканалардын, баш калкалоочу жайлардын жана турмуштук маанилүү кызматтардын электр менен камсыздоосун калыбына келтирүү үчүн жалпы баасы 3,7 миллион евро болгон 447 авариялык генератор жөнөтөрү маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: