Евгений Плющенко “Сочи-2014” Олимпиадасына жекеликте бармай болду

Муз үстүндө бийлөө боюнча “Турин-2006” Кышкы Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган орусиялык спортчу Евгений Плющенко “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына жекеликте бармай болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Орусияга Олимпиада үчүн жалгыз квота берилип, ал Евгений Плющенкого тийди. Плющенконун командалык оюнда жана жекеликте да оюн көрсөтүүсүн камсыздай турган Спорт министрлигинин документи эртең, 23-январда Аткаруу комитетине кароого жөнөтүлөт.
Эске салсак, Плющенко 31 жашта. Буга чейин ал 3 Олимпиадага катышып, 1 ирет алтын (2006-жылы), 2 ирет күмүш медаль тагынган (2002, 2010). Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
saidka

22.01.2014. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олимпиадага катышпайм деди элего. Кызык. Бирок муздан кыйын киши ийгилик.
algajawoo

22.01.2014. 23:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамды бели сынган эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.