2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Орусияда чет өлкөлүк жарандардын саны азайды. Эгер 2024-жылы өлкөдө 6,3 миллион мигрант катталган болсо, 2026-жылдын башына карата бул көрсөткүч 5,7 миллион адамга, башкача айтканда, 10 пайызга чейин кыскарган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин миграциялык саясат департаментинин аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси Александр Перегожин билдирди.Анын айтымында, мигранттардын санынын кыскарышынын негизги себеби - чет өлкөлүк жашы жете электердин санынын дээрлик төрттөн бирге азайышы. Ал ошондой эле 2025-жылдын расмий жыйынтыгы февраль айында чыга турганын белгиледи. Буга чейин өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк 27-январда өзүнүн Telegram каналына "эгер чет өлкөлүк жарандар балдарынын Орусияда мыйзамдуу жашап турушун камсыз кылбаса, аларга өлкөдө калууга тыюу салынышы мүмкүн. Ошондой эле балдарына негизги жалпы билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бербеген чет өлкөлүктөргө карата да ушундай чечим кабыл алынышы ыктымал",- деп билдирген.

Супер-Инфо
super.kg видео
















