"Жаш балдар сатып алышууда". Депутат окуучулардын ден соолугуна тынчсызданды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынбаев парламенттин 29-январдагы жыйынында мектептердин тегерек четинде сатылып жаткан азыктардын сапатына кызыкты. Айтымында, окуучулар белгисиз өндүрүшчүлөр өндүргөн таттууларды, суусундуктарды сатып алышууда. Бул алардын ден соолугуна кооптуулук жаратышы ыктымал.
"Мектептин тегерегинде көптөгөн белгисиз өндүрүшчүлөр өндүргөн таттуулар, суусундуктар сатылып жатат. Аны жаш балдар сатып алышууда. Ал азыр терс таасирин бербеши мүмкүн, бирок 5-10 жылдан кийин бул сөзсүз түрдө терс таасирин берет. Келечекте бөйрөк, боор ооруган, майыптуулукка алып келген коомду түзбөө - баарыбыздын милдетибиз. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
Белгисиз өндүрүшчүлөр өндүргөн продукттардын тийиштүү сертификаттары, лицензиясы барбы? Көзөмөлгө алынып жатабы?",- деп собол узатты депутат.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев бул боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Мектептердин, ЖОЖдордун тегерегинде 50 метр аралыкта коммерциялык киоск, павильондор болбосун, ар кандай товарлар сатылбасын деген талап бар. Азыркы күндө мындай иштеп жаткан учурлар бар. Ал боюнча чаралар көрүлүп жатат. Ар бир сатылган товардын сертификаты же декларациясы болушу керек. Өлкө боюнча 14 миң 270 объект текшерилген",- деп билдирди орун басар.
Ал талапка жооп бербеген объекттерге айып пул салынганын кошумчалады.
Депутат окуучулардын ден соолугуна тынчсызданды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















