super.kg logo

Казакстандын президентинин басма сөз катчысы алмашты 

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы алмашты. Бул тууралуу казак басылмаларды жазышты.

Маалыматка ылайык, Айбек Смадияров мамлекет башчынын жаңы кеңешчиси жана басма сөз катчысы болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка Токаев кол койгон.

Смадияров буга чейин президенттик аппараттын ички саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ал бул кызматка 2025-жылдын декабрында дайындалган эле. Ал эми андан мурун Тышкы иштер министрлигинде он жылдан ашык эмгектенгени маалым болду.

Белгилей кетсек, Айбек Смадияров президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулган Руслан Желдибайдын ордуна дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: