super.kg logo

УКМКнын жалган кызматкери абактагы кишини алдоого шектелүүдө (видео)

 

Бишкекте өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жаран алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, 19-декабрда У.Ж. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү WhatsApp мессенжери аркылуу абактагы жарандын ишенимине кирип, коопсуздук кызматында иштей турганын айтып, абактан бошотууга жардам көрсөтүү шылтоосу менен 17 миң долларын мыйзамсыз ээлеп алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалды. Ал 2022-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн.

Учурда тергөө уланууда.






УКМКнын жалган кызматкери абактагы кишини алдоого шектелүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: