super.kg logo

"Евразия Кыргызстан" кеңсесинин директору президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү менен жолугушту

 

"Евразия Кыргызстан" уюмунун директору Кымбат Урумкулова президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен жолугушуп, билим берүү жана социалдык долбоорлор тууралуу пикир алышты.

Жолугушууда Кымбат Урумкулова 2025-жылы аткарылган долбоорлорду айтып, анын ичинде Евразиянын биринчи орус тили жана маданият борборун ачуусун белгиледи. Ал борбордо мектеп окуучулары жана жаштар үчүн театр, хореография, медиа, санариптик маданият жана программалоо боюнча программалар уюштурулган. Ошондой эле чоңдор үчүн киноклубдар, талкуу аянтчалары жана орус классиктеринин адабияттарына арналган чыгармачылык иш-чаралар өтүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, жолугушууда "Евразиянын" социалдык дүкөндөрүн ачуу да талкууланды. Эми социалдык карталарды пайдаланып азык-түлүктү пенсия курагындагы жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жалгыз бой ата-энелер, мугалимдер, дарыгерлер жана студенттер да ала алыша турганы кошумчаланды.

Тилек Текебаев "Евразия" уюмунун республикадагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык өнүгүүгө кошкон салымын баалап, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү колдоду. Атап айтканда, мурда берилген 10 автобус аймактагы балдардын коопсуз жана жеткиликтүү жол менен мектепке барышын камсыз кылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Жалал-Абад облусундагы туруктуу өнүгүү жана жашоонун сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду улантууну макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: