УКМК 5 жылда коррупцияга каршы күрөштөн 4 миллиард доллар өндүрдү
Акыркы 5 жылда коррупцияга каршы күрөшүүдөн мамлекетке 352 миллиард сом же 4,14 миллиард долларга барабар каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер тилкелери жана башка материалдык баалуулуктар кайтарылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынында айтылгандай, өндүрүлгөн каражаттар толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган.
"Мамлекет башчысынын жеке буйругу менен гана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана республиканын жарандарынын бакубат жашоосун жогорулатууга жумшалат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















