АКШ Иранга карата аскердик вариантты кайрадан талкуулоодо

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы мүмкүн болгон аскердик аракеттерди кайрадан күн тартибине чыгарды. Америкалык маалымат каражаттарынын жазышынча, Тегеран менен ядролук курал жана ракета программалары боюнча жүргүзүлгөн байланыштар күтүлгөн жыйынтыкты берген жок.
Маалыматтарга караганда, Вашингтон Ирандын жогорку жетекчилигине, коопсуздук түзүмдөрүнө жана стратегиялык объекттерине багытталган соккуларды да карап жатат. Азырынча акыркы чечим кабыл алына элек, бирок АКШнын аскердик даярдыгы акыркы күндөрү кыйла күчөтүлдү.
Аскердик күчтөрдүн жайгашуусу күчөдү
Индия океанына USS Abraham Lincoln авианосецинин сокку уруучу тобунун келиши АКШнын аймактагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мындан тышкары, америкалык тарап өз күчтөрүн коргоо үчүн абадан коргонуу системин, анын ичинде Patriot жана THAAD комплекстерин жайгаштырууда.
АКШнын аба күчтөрү Жакынкы Чыгышта татаал шарттарда иш алып баруу боюнча машыгууларды өткөрүп, мүмкүн болуучу сценарийлерди даярдоодо.
Дипломатиялык аракеттер жыйынтык берген жок
АКШ менен Иран ортосунда түз сүйлөшүүлөр болбой келет. Буга чейин тараптар ортомчулар аркылуу пикир алышканы менен баллистикалык ракеталар маселеси негизги тоскоолдук бойдон калууда. Вашингтон ракеталардын учуу аралыгын чектөөнү талап кылса, Тегеран ядролук маселени гана талкуулоого даяр экенин билдирүүдө.
Сокку уруунун тобокелчиликтери
Адистердин баамында, Ирандагы ички нааразычылыктар жана мурдагы соккулар режимдин абалын алсыратканы менен, бул өлкөнүн аскердик потенциалы олуттуу бойдон калууда. Ирандын ракета системдери, абадан коргонуу каражаттары жана учкучсуз аппараттары ар кандай операцияны татаалдаштырышы мүмкүн.
Буга чейин Дональд Трамп АКШнын аскердик кемелери аймакта жүргөнүн айтып, Иранды келишим түзүүгө чакырган. Ошол эле учурда АКШнын аскердик жетекчилиги авианосец белгиленген аймакка жеткенин билдирип, кырдаалды көзөмөлдөп жатканын маалымдаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















