Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин билдирди
Кытай бийлиги экономикалык пикир келишпестиктерди чечүү үчүн АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр. Бул тууралуу Соода министрлигинин өкүлү Хэ Юнцянь журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Кытай эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда жетишилген маанилүү келишимдерди ишке ашыруу боюнча АКШ менен кызматташууга даяр. Эки тараптуу пикир келишпестиктерди жоюуга, кызматташтыкты илгерилетүүгө жана Кытай-АКШ соода-экономикалык мамилелерин турукташтырууга макул",- деп билдирди Хэ Юнцянь.
Ошондой эле ал Кытай менен АКШ мындай сүйлөшүүлөрдү колго алуу менен соода-экономикалык маселелердеги тирешүүлөрдү жеңүүгө өбөлгө түзүшөрүн белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















