Антальядагы катуу бороондон үйлөр, кемелер талкаланды
Антальянын түштүк-батыш аймагын 26-январга караган түнү күчтүү куюн жана катуу бороон каптап, Кумлужа, Финике, Аксу жана Манавгат аймактарына олуттуу зыян келтирилди. Бул тууралуу "МК Түркия" басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кумлужа районунда деңизден чыккан куюн Мавикент жана Йениже кварталдары аркылуу өтүп, 100 гектарга жакын күнөсканалар, үйлөрдүн чатырлары жана электр чубалгылары бузулуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Кумлужанын Айыл чарба палатасынын башчысы Хидайет Гөкче аба ырайы күн баткандан кийин бузулгандыктан тургундар жаракат албаганын белгиледи.
Финикиде жээктеги куюн алгач жол белгилерин кулатып, андан кийин Йени Элмала жолун бойлоп, күнөсканаларды бузуп, турак жайларга олуттуу зыян келтирген. Аксу аймагында Аксу дарыясындагы куюн миллиондогон лира турган яхталарды жок кылды: кемелер бири-бирине урунуп, жээктеги курулуштар менен пирстер урандыга айланды.
Анталья аймагындагы катуу шамал чатырларды, терезелерди талкалап, күн электр системдери жабыркаган. Кепез районунда футболдук иш-чарага даярдык көрүү учурунда залдын чатыры урап, кырсыктан жапа чеккендер болгон жок. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары электр энергиясын калыбына келтирүүнү, урандыларды тазалоону жана зыянды баалоону улантууда.
Кумлужада кырсыктын кесепеттерин баалоо иштери башталды. "60 гектардай күнөскана жабыркады, айрым күнөсканалар жана үйдүн чатырлары талкаланды. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Зыянды баалоо таң эрте башталды, ал аяктагандан кийин керектүү жардам көрсөтүлөт",- деп билдирет Кумлужа районунун башчысы Бахадир Гүнеш.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















