Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди өлкөгө кайтарууну көздөйт
Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдө эмгектенип жүргөн адистерди мекенине кайтарууну көздөп жатат. Бул тууралуу министрликтин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында белгилүү болду.
Жыйында саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кадрдык потенциалды күчөтүү үчүн көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Ал үчүн төмөнкү жагдайларды атады:
- эмгек акыны жогорулатуу,
- турак жай менен камсыз кылуу шарттарын түзүү,
- аймактардагы дарыгерлерди колдоо,
- эл аралык даярдоо программаларын өнүктүрүү,
- чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.
Министр бул өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун ар тараптуу колдоосу менен мүмкүн болгонун белгилеп, саламаттык сактоо тармагында системдүү реформаны ишке ашырууну көздөп жатканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















