Ошто экс-вице-мэрге таандык кафенин жарымы буздурулат (видео)
Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө аталган көчөдө жайгашкан бир катар коммерциялык багыттагы объекттер муниципалдык жер тилкесине мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды. Алардын ичинде экс-вице-мэр Жасур Азимовго таандык имарат бар экени белгилүү болду. Шаар башчысы имараттын тротуарды тосуп курулган тосмолорун, шишкебек, самсы бышырган жайын алууну буюруп, 3 күндүк мөөнөт берди.
"Кызыл сызыктан өтүп, тротуарга чыгып алгансыңар. Үч күндүн ичинде бошотпосоңор анда суу, светиңерди өчүрүп кетебиз. Элдер басканга жер жок, силер ээлеп жатасыңар. Ээсине айтып коюңуз",- деди мэр.
Токторбаев тийиштүү кызматтарга мыйзамсыз ээлеп алган жерди ченеп берип, чек арадан чыгып кеткенин буздурууну тапшырды.
Ошто экс вице-мэрге таандык кафенин жарымы буздурулат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















