Жогорку Кеңеш гимндин үч вариантын тең четке какты
Бүгүн, 29-январдагы парламент жыйынында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев гимндин тексти жана музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча түзүлгөн комиссиянын иши тууралуу маалымат берип, аталган комиссия сунушталган 900дөн ашык эмгектин ичинен үч вариантты тандап алганын билдирди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев гимндин текстинин жана музыкасынын үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш тандалган үч вариантты тең четке кагуу чечимин кабыл алды. Ал эми гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын курамына депутаттар Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирди.
Айта кетсек, 27-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттарга мамлекеттик жаңы гимндин үч варианты угузулган. Буга удаа төрага Нурланбек Тургунбек уулу гимнге болгон сынак уланарын билдирген. Жыйында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштаган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















