Жумгалда көмүр казган ишканага 1 миллиондон ашык айып пул салынды (видео)
Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында көмүр казган ишканага 1 миллиондон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Суу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирет.Маалыматка ылайык, аталган аймакта көмүр казуу ишин жүргүзгөн “Шанси Коал Инвестмент Групп” ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аталган ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 2024-2025-жылдарга карата 1 миллион 484 миң 280 сом сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Жумгалда көмүр казган ишканага 1 миллиондон ашык айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















