Башына шейшеп жаап... Манаста кыз ала качууга шектелип төрт жигит кармалды (видео)
Манас шаарында жол тескөөчүлөрү кыздын башына шейшеп жаап, алып качып бара жаткан төрт жигитти кармашты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 28-январь саат 21:00 чамасында болгон. Анда Пушкин көчөсүндө курбусу менен бара жаткан 2003-жылы туулган кызды 4 бейтааныш жигит күч колдонуп, башын шейшеп менен жаап, Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа менен алып качып кеткен. Ал эми ЖКККБнын кызматкерлери Кызыл-Сеңир айылынан унааны токтотуп, жигиттерди тергөө кызматына жеткиришти.
Кыз милицияга арыз жазып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1994-жылы туулган үч, 1993-жылы туулган бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Манаста кыз алып качууга шектелип төрт жигит кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















