super.kg logo

Кара-Сууда опузалап акча талап кылууга шектелгендер кармалышты

 
Кара-Суу районунда опузалап акча талап кылууга шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, үч жаран өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышып, 54 жаштагы аял кишини күч колдонуу менен унаага салып, жанынан баңгизат табылганын айтышып, 50 миң сом талап кылышкан. Алар жабырлануучуну камала тургандыгын айтып коркутушкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, 23 жана 22 жаштагы жигиттер талап кылышкан сумманын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүшкөн. Тергөөдөн соң үчүнчү шектүү катары 28 жаштагы жаран да кармалган.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.





Кара-Сууда жалган милиция кызматкерлери опузалап акча талап кылууга шектелип кармалышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: