Кыргызстанда пенсиялык систем санариптештирилүүдө
Кыргызстанда пенсиялык систем санариптештирилүүдө. Бул тууралуу 29-январда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алган учурда айтылды.
Маалыматка ылайык, автоматташтырылган систем пенсияны жол-жоболоштуруу процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Систем керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат. Ошондой эле персоналдык маалыматтарды жогорку деңгээлде коргоону камсыздайт жана ар кандай киберкоркунучтарга туруштук бере алат.
Мындан тышкары, Социалдык фонддун ишин модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















