super.kg logo

Балдардын ден соолугуна гаджеттердин тийгизген таасири: Адистер коңгуроо кагышууда

 

Гаджеттерди ашыкча колдонуу балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер гаджеттердин балдарга тийгизген терс таасирин толук аңдай беришпейт. Түркүн түстүү мультфильмдер, "өнүктүрүүчү" оюндар жана жагымдуу видеолор зыянсыз, атүгүл пайдалуудай сезилиши мүмкүн. Бирок бул - кеңири тараган жаңылыш түшүнүк.

Гаджеттердин ашыкча колдонулушу эмнеге алып келет?

Адистер белгилегендей, экран алдында узак убакыт өткөрүү баланын физикалык жана психологиялык абалына терс таасир этет. Негизги кесепеттер төмөнкүлөр:

  • Көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • Сүйлөө жөндөмүнүн кеч өнүгүшү;
  • Ашыкча козголуучулук, тынчсыздануу, невроз жана депрессиялык абалдар;
  • Социалдашуудагы кыйынчылыктар, эмоцияны түшүнүү жана билдирүү жөндөмүнүн төмөндөшү;
  • Окуудагы көйгөйлөр - көңүл топтой албоо, эстутумдун начарлашы;
  • Дене түзүлүшүнүн бузулушу (сколиоз, остеохондроз), моюн аймагындагы кан айлануунун начарлашы, баш оору;
  • Уйкунун бузулушу жана уктоодогу кыйынчылыктар.

Гаджеттерди кантип туура колдонуу керек?

Адистер гаджеттерди толугу менен жокко чыгарууга болбой турганын белгилешет. Алар туура жана ченеми менен колдонулса, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү курал боло алат. Бирок бул негизинен улуу курактагы балдарга тиешелүү.

"Заманбап технологиялар пайдалуу болушу мүмкүн, бирок баары колдонуу убактысына жана мазмунуна байланыштуу",- деп эскертишет адистер.

Балдар үчүн сунушталган экран убактысы

Ден соолук адистери балдардын жаш курагына жараша гаджет колдонуу убактысын так чектөөнү сунушташат:

  • 2 жашка чейинки балдар - гаджеттерди толугу менен колдонбошу шарт;
  • 2 жаштан 5 жашка чейин - күнүнө 1 сааттан ашпашы керек;
  • 6 жаштан 18 жашка чейин - күнүнө 2 саатка чейин.

Адистер ата-энелерге эмне сунушташат?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бүгүнкү балдар экран алдында өтө көп убакыт өткөрүшөт. Ошондуктан адистер активдүү жашоо образын биринчи орунга коюуну сунушташат.

"Балдар менен көбүрөөк сейилдеңиздер, чогуу ойноңуздар, үй-бүлө болуп спорт менен машыгыңыздар. Орточо физикалык кыймыл баланын ден соолугуна гана эмес, акыл-эс өнүгүүсүнө да оң таасир берет",- деп чакырат Бишкек шаардык Ден соолукту чыңдоо борбору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: