super.kg logo

БАЭ президенти АКШ-Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнөн кийин Москвага барды (видео)

 

Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти Мухаммад бен Заид Аль Нахайян расмий сапар менен Орусиянын борбору Москва шаарына барды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, аэропорттон аны Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Денис Мантуров тосуп алды. Бүгүн, 29-январда Мухаммад бен Заид Аль Нахайян Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну пландап жатат.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, эки өлкө лидерлери маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелер ишенимдүү жана конструктивдүү деңгээлде экенин белгиледи.

23-24-январь күндөрү БАЭ президенти Абу-Дабиде Орусия, АКШ жана Украинанын делегация өкүлдөрүн кабыл алган. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Украина менен болгон чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу болду.






БАЭ президенти АКШ, Украина, Орусия сүйлөшүүлөрүнөн кийин Москвага келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: