Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун мөөнөтүнүн узартылышына түшүндүрмө берди
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун мөөнөтү эмне үчүн узартылып жатканын түшүндүрүп, чет өлкөлөрдү мисал келтирди.
"Жетиштүү билим алган айдоочу өзүнүн, жүргүнчүлөрүнүн жана жолдогу башка адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратпайт. Ал эми даярдыгы жок, күбөлүктү сатып алып, жол эрежелерин билбегендердин айынан жыл сайын жүздөгөн адамдар каза болуп жатпайбы!
"10 ай окуйбузбу, ага кантип жетишебиз?" деген суроолорду да берип жатасыздар. Мамлекет эч качан атайын элге оорчулук келтирүүнү максат кылбайт. Бардык жасалган аракеттердин негизги максаты – элдин амандыгы, адам өмүрүн сактоого болгон таза ниет. Биздин башкы максат – жол кырсыктары азайып, адам өлүмү болбошу керек.
10 айлык окуу кандай өтөт, аны чечмелеп берейин. Азыр элге ыңгайлуу жана жеңил шарттарды түзүүнүн үстүндө тиешелүү мекемелер иштеп жатышат. Алар дагы, элге ыңгайлуу жана жеңил жолду сунуштасак деген тилекте. 10 ай мөөнөткө теориялык жана практикалык сабактар кирет. Ойлоп жатасыздар, 10 ай бою күн сайын сабакка барып, эртеден кечке отурат экенбиз деп. Сабактар жумасына эки же үч жолу, 2-3 сааттан өтүлөт. Каалоого жараша онлайн форматта да билим алууга шарт түзүлөт.
Эми, "2 жарым ай жетиштүү эмеспи?" дегендерге жооп берели. Бул кыска аралыкта адам толук билим алып, маалыматты терең сиңире албайт. Айдоочулук – жөн гана рулга отуруп, унааны ордунан жылдыруу эмес. Ошол 2 жарым ай окугандардын көбү эрежелерди билбейт. Азыр сунушталып жаткан окуу программасына психологиялык даярдыктар жана этикалык сабактар да киргизилип жатат. Сабырсыздык жана адепсиздиктин айынан жолдо күн сайын жүздөгөн чыр-чатактар катталууда. Жол талашып куушуп, башын чыгарып алып сөгүшкөндөрдү күндө эле көрөбүз. Мына ушул этикеттерден бери окуу программасына кирип жатат.
Ошол эле өнүккөн өлкөлөрдө айдоочулук күбөлүктү алуу мөөнөтү 6 айдан, 12 айга чейин созулат. Мисалы, Финляндияда 12 айга чейин созулат. Алгач 2 жылдык мөөнөттө убактылуу күбөлүк берилет. Ал аралыкта айдоочу эч кандай эреже бузбаса, ошондон кийин анан күбөлүккө ээ болот.
Эгер эреже бузса, кайрадан окуйт. Унаа башкаруу жана эрежени сактоо жоопкерчилиги өтө жогору. Ошондуктан, бул өлкөдө унаа катталбайт, сейрек гана кездешүүсү мүмкүн. Германия - орточо 6-12 ай. Швеция - даярдыкка жараша 8-12 ай. Норвегия - коопсуздук этаптары менен 1 жыл. Улуу Британия, Канада, АКШнын айрым штаттарында, Австралия жана Жаңы Зеландияда айдоочулук күбөлүктү 1,5-2 жылда алышат",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















