Маск Tesla унаасынын айрым түрлөрүн чыгарууну токтотуп, роботторду чыгара баштайт
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Teslaнын Model S жана Model X түрлөрүн чыгарууну токтотуп, анын ордуна роботторду чыгара баштай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган унааларды чыгарган Калифорниядагы завод жакынкы күндөрдөн тарта роботторду чыгара баштайт.
"Келечекке карай жылып жаткандыктан, Model S жана Model X программаларын бүтүрүп, токтотууга убакыт келди. Эгер сиз ал моделдерди сатып алууга кызыкдар болсоңуз, азыр буйрутма берип жетишип калыңыз. Себеби Калифорниядагы завод роботторду чыгарган заводго айланат", - деген Маск.
Ошондой эле компаниянын кардарлары унааларын колдонуп турган мезгилде оңдоо жана тейлөө көрсөтүү токтобой турганын убада кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















