Кыргызстан 185 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түздү

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамиле түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында белгилүү болду. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги багыттар аныкталды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
2025-жылдагы негизги саясий жетишкендиктер
Коллегияда сүйлөгөн Адылбек Касымалиев 2025-жыл Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн маанилүү жыл болгонун белгилеп, эң башкы саясий жетишкендик катары Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелердин жөнгө салынышын атады.
Анын айтымында, бул кадам аймактык коопсуздукту бекемдөөгө жана коңшу мамлекеттер менен ишенимди чыңдоого өбөлгө түздү.
Дипломатиялык география кеңейүүдө
Өткөн жылы Кыргызстандын эл аралык байланыштары кыйла кеңейген. Айрыкча Африка багытында маанилүү кадам жасалып, ал континенттеги алгачкы кыргыз элчилиги ачылган.
"Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөрдүн саны 185ке жетти. Бир жыл ичинде 190 эл аралык иш-чара өткөрүлүп, 633 эл аралык келишим жана документке кол коюлду",- деди өкмөт башчысы.

Экономикалык дипломатияга басым
Адылбек Касымалиев тышкы саясатта экономикалык багыттарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, төмөнкү тармактар артыкчылыктуу бойдон калууда:
- Мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү;
- Санариптик логистика;
- Транспорттук байланыштарды чыңдоо;
- Шамал жана күн энергетикасы;
- Чакан гидроэлектр станциялары;
- Ири туристтик долбоорлорго инвестиция тартуу.
Бул багыттар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана экономикасын диверсификациялоого шарт түзөт.
ШКУ жана БУУ алкагындагы маанилүү максаттар
Өкмөт башчысы Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, 2026-жылы Бишкекте өтө турган саммитке даярдык көрүү негизги милдеттердин бири экенин айтты.
Ошондой эле Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга убактылуу мүчөлүгүнө талапкер катары илгерилетүү ишин улантуу зарылдыгын белгилеп, Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмаларды берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















