super.kg logo

АКШ Иранга кысымын күчөтүүдө – Трамп ядролук келишим боюнча убакыт аз калганын билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ядролук келишим түзүү үчүн убакыт дээрлик түгөнүп баратканын билдирди. Ал аймакка АКШнын аскер-деңиз флотунун күчтөрү жөнөтүлгөнүн эске салып, Ак үй Иран Ислам Республикасына сокку уруунун мүмкүн болгон варианттарын карап жатканын өз булактарына таянып, эл аралык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 28-январда Дональд Трамп Иранга кайрылып, ядролук келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. Анын айтымында, эгер Тегеран макулдашууга барбаса, АКШнын "чоң армадалык" аскер-деңиз күчтөрү менен кагылышуу коркунучу бар.

Трамптын билдирүүсүнө ылайык, аймакка жөнөтүлгөн флотту USS Abraham Lincoln авианосеци жетектеп барат. Ал бул күчтөрдү Венесуэлага мурда жиберилген америкалык флот менен салыштырып, азыркы аскердик топ андан да ири экенин белгиледи. Венесуэлада АКШ санкцияга кабылган мунай танкерлеринин чыгышын токтотуу үчүн деңиз блокадасын уюштурган.

"Венесуэла мисалындагыдай эле, биз миссияны зарыл болсо тез жана күч колдонуу менен аткарууга толук даярбыз", - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө. Анын айтымында, флот "чоң күч, жогорку ылдамдык, демилге жана так максат менен" алдыга жылып жатат.

Белгилей кетсек, 23-январда Трамп биринчи жолу америкалык "армада" Иран тарапка багыт алып жатканын айткан. Бул ирет ал Ирандагы ички нааразычылык акцияларын эске алган жок. Ошол эле учурда эгер АКШ тараптан кийинки сокку болсо, ал өткөн жайда ирандык ядролук объектилерге жасалган бомбалоодон да "алда канча катуу" болорун эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: