super.kg logo

Бишкекте оркестрлер үчүн репетициялык зал жаңыланып, маданий инфраструктура бекемделүүдө

 

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев менен бирге көчмө иш-чаранын алкагында 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан (мурдагы "Дубровский" имараты) оркестрлердин репетициялык залына барды.

Мэриядан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө залда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Чоң симфониялык оркестрдин репетициясы өтүп жатты. Музыканттар алдыдагы концерттик программаларга даярданып, жогорку кесипкөйлүгүн жана борбор калаада академиялык искусствону өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн даңазалашты.

"Бүгүнкү күндө бул репетициялык зал мэрияга караштуу бир нече чыгармачыл жамааттар үчүн толук кандуу чыгармачыл аянтчага айланды. Бул жерде туруктуу негизде Чоң симфониялык оркестр, духовой оркестр жана эл аспаптар оркестри машыгышат.

Репетициялар бекитилген график боюнча өткөрүлүп, жамааттарга чеберчилигин системалуу түрдө өркүндөтүүгө жана жаңы концерттик программаларды даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Мурда оркестрлер репетиция өткөрүү үчүн ар кандай жайларды ижарага алууга мажбур болушса, учурда алар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, шаардын маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулууда.

Белгилей кетсек, маданий инфраструктураны колдоо жана жаңылоо Бишкек шаарынын мэриясынын ишиндеги негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Бул аракеттер искусствону сактоого, өнүктүрүүгө жана борбор калаадагы чыгармачыл жамааттардын ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: