Садыр Жапаров жеке менчик автомектептердин ишин токтотуу боюнча жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо тармагын мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү максатында жеке менчик автомектептердин ишин убактылуу токтотууну караган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Документке ылайык, эртең, 30-январдан тартып 30-августка чейин айдоочуларды окутуу тармагында апробациялык режим киргизилет. Аталган мезгил ичинде жеке менчик билим берүү уюмдарына мурда берилген лицензиялардын колдонулушу токтотулуп, айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо иши мамлекеттик автомектептер тарабынан гана жүргүзүлөт.
Жарлык айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатууга, лицензиялоо тартибинин натыйжалуулугун баалоого жана оптималдуу уюштуруучулук-укуктук чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.
Апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштар президенттин администрациясына киргизилет.
Аталган жарлык расмий жарыялангандан кийин 30-январдан тартып күчүнө кирет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















