super.kg logo

Биволдун мурдагы жубайы кыргыздар жана казактар тууралуу билдирүүлөрү үчүн жазаланды

 

Өткөн жылдын октябрь айында Екатерина Бивол социалдык тармактарда кыргыздарга жана казактарга карата орой жана кемсинткен билдирүүлөрдү жасаган. Анын бул билдирүүлөрү коомчулукта катуу реакция жараткан.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бул факты боюнча административдик иш каралып чыкты.

Санкт-Петербург шаарынын Ленин райондук соту боксчу Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволду Орусия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык күнөөлүү деп таап, 60 саат милдеттүү коомдук иштерге тартуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаардык сотторунун Бириккен басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, иш декабрь айынын аягында козголгон. Ага Telegram жана башка социалдык тармактарда тараган видео себеп болгон. Анда Екатерина Бивол кыргыздарга жана казактарга карата терс баа берип, орой жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонгон.

Расмий билдирүүдө айтылгандай, видеодо адамдардын бир тобун экинчи топтон табигый, тактап айтканда, генетикалык белгиси боюнча жогору коюу мааниси камтылган. Сот мындай билдирүүлөр жек көрүүнү жана кастыкты козутууга багытталган деген бүтүмгө келген.

Бул окуя улут аралык мамилелерде жоопкерчиликтүү болуунун жана социалдык тармактарда айтылган ар бир сөздүн укуктук кесепети болушу мүмкүн экенин дагы бир ирет эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: