Жээнбек Кулубаев БУУдагы тогуз өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы тогуз чет мамлекеттин туруктуу өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма cөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда министр элчилерге Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, 2026-жылы өтө турган ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу баяндады. Ал БУУ Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы негизги өнөктөш экенин белгилеп, уюм алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады.
Өз кезегинде туруктуу өкүлдөр Кыргызстандын климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартиби, туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздук жаатындагы глобалдык демилгелерине жогору баа берип, кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Тараптар ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий абал, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбор Азиядагы кызматташтык боюнча пикир алышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















