super.kg logo

Нуукта АКШнын желегин көтөрүүгө аракет кылган жаранга айып пул салынды

 

Гренландиянын борбору Нуук шаарында белгисиз жаран АКШнын желегин көтөрүүгө аракет кылган, бирок окуя болгон жерде жүргөн адамдар аны токтотушкан. Бул тууралуу Даниянын TV2 телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя тынч мүнөздө өткөн. Күбөлөр мыйзам бузган жаранды желекти көтөрүп үлгүрө электе эле токтотушкан. Полиция кызматкерлери окуя болгон Нуук шаарындагы маданий борборго бир аз кечигип келишкен.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, АКШнын желегин көтөрүүгө аракет кылган адам Германиянын Norddeutscher Rundfunk телекомпаниясынын кызматкери болгон. Компания өкүлдөрү анын бул аракетти Гренландияга карата АКШнын саясатын шылдыңдаган сатиралык тасма тартуу максатында "жасалма түрдө" жасаганын билдиришти.

Ошого карабастан тартип бузуу катары бааланып, аталган жаранга айып пул салынганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: