super.kg logo

АКШда Мачадонун Венесуэлага кайтып келиши Ак үй үчүн коркунуч жаратары айтылды

 

Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадонун өлкөгө кайтып келиши Ак үйдүн Венесуэладагы кырдаалды турукташтыруу жана америкалык мунай компанияларын инвестиция тартууга шарт түзүү аракеттерине коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу 29-январд Washington Post гезити жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Мачадонун Венесуэлага кайтып келиши көчө нааразычылыктарына жана кагылышууларга алып келиши ыктымал. Мындай жагдай АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы жүргүзүп жаткан экономикалык нормалдаштыруу саясатына каршы келет.

Washington Post басылмасынын пикиринде, Венесуэланын президенти Николас Мадурого каршы аракеттердин негизги максаты демократиялык өзгөрүүлөр эмес, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын көзөмөлгө алуу болгон. "Трамп Мадурону кулатуудагы башкы максаты мурдагыдай демократия эмес, Венесуэланын энергетикалык ресурстарын көзөмөлдөө экенин ачык билдирген", - деп жазылат макалада.

Ошондой эле гезит Венесуэланын вице-президенти жана Каракастагы өкмөттү жетектеп жаткан Делси Родригес АКШ администрациясынан прагматикалык мамилеси үчүн оң баа алганын белгилейт. Бирок Ак үй Мачадонун өлкөгө кайтып келүү мөөнөттөрүн атоодон баш тарткан.

Ошол эле учурда, басылманын маалыматы боюнча, АКШнын конгрессмендери менен өткөн жабык жолугушууда Мария Корина Мачадо Дональд Трампка анын Венесуэлага мүмкүн болушунча эртерээк кайтып келүү ниети бар экенин жеткирүүнү суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: