super.kg logo

Бишкекте билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн жыйын өттү

 

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин демилгеси менен №115 мектептин базасында билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн жыйын өткөрүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө, окуу-тарбия процессин текшерүү жана билим берүү мекемелерине методикалык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү мектептерде кургак учук, сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу боюнча маалымат беришти. ӨКМдин Өрт көзөмөл кызматы билим берүү мекемелеринде коопсуздукту камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чаралары тууралуу баяндады.

Кеңешмеге жалпысынан 128 жетекчи катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: