Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы тууралуу пикирин айтты
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалы тууралуу айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди.
Мамлекет башчысы өлкөдө жарандар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында эркин өз оюн билдире алары, сөз эркиндиги мурдагыдан кем эмес деңгээлде сакталып турганын белгиледи. Анын айтымында, укук коргоо органдары мыйзам бузуу менен байланыштуу иштерди гана жүргүзөт жана "сөз эркиндигин" мыйзамсыз аракеттерге колдонууга жол берилбейт.
Садыр Жапаров ошондой эле аймактар аралык кастыкты козутууну, жалган маалымат таратууну жана коомдук тартипти бузууга чакырыкты сөз эркиндигине жаткызбоону баса белгиледи. Ал дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасына мисал келтирип, Кыргызстанда сөз эркиндиги жана демократия сакталып жатканын кайталады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















