super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы депутаттар, ишкерлер бар... №13 округда шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын тизмеси 

 

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 29-январда аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 31 жаран (эркектер – 21, аялдар – 10) шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Алардын тизмеси:

Арстанбеков Акылбек Советбекович (02.04.1965) - "Кыргызстан" топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы.

Маматаев Эркинбек Садирбекович (23.01.1972) - убактылуу иштебейт.

Асанов Уланбек Жалалович (30.11.1970) - "Эмитент виртуалдык активдери" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы.

Асамудинов Бактыбек Асанович (30.05.1966) - жактоочу. БШКдан Асамудинов шайлоого катышуудан баш тарткандыгын билдирди.

Калматов Токторали Калдарович (29.05.1976) - жеке ишкер.

Чолпонов Уланычбек Калдарбекович (01.03.1981) - Базар-Коргон РЭТнин жетекчиси.

Матсаков Кадырбек Мусаевич (31.03.1977) - жеке адвокат. БШК 28-январда Матсаковдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, канааттандырды.

Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна (29.10.1976) - Түштүк аймагы боюнча бажы кызматынын бөлүм башчысы.

Мацаков Бакыт Калбаевич (01.06.1989) - "БОУЛ" ЖЧКсынын директору.

Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович (22.03.1978) - убактылуу иштебейт.

Базаркулова Нурсыйда Манасовна (15.09.1973) - Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин мугалими.

Чомоев Алмазбек Алтынбекович (13.10.1979) - жеке ишкер.

Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович (16.06.1969) - Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси.

Мансуралыев Залкарбек Медетбекович (01.01.1998) - “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК, юрист. БШК Мансуралыевди шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей турганын белгилеп, талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Исраилжан уулу Өсөрбек - (12.03.1992) - убактылуу иштебейт. БШК берген маалыматка ылайык, Исраилжан уулу Өсөрбек шайлоого катышуудан баш тартты.

Койчуманова Нуркан Кадыровна - (17.09.1967) - Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы.

Нуриев Кубан Бактыбаевич - (15.08.1970) - Базар-Коргон районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы.

Атабекова Кызжибек Азимжановна - (11.01.1978) - “ГермесКом” ЖЧКсынын башкы директору.

Темирбаева Махсудахане Юлчиевна - (16.09.1963) - №50 "Эл Нуру" балдар бакчасынын директору.

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - (03.11.1975) - парламенттин экс-депутаты, убактылуу иштебейт.

Абдималиков Уланбек Абдималикович - (26.07.1991) - “Эко Униформ” ЖЧКсынын башкы директору.

Абсалиев Ахматали Садырбекович - (23.04.1981) - убактылуу иштебейт. Абсалиев шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу БШКга арыз берген. Аны мекеме 28-январда карады.

Султанова Айжан Абдыкапаровна - (31.01.1986) - жеке ишкер.

Апсабырова Гүлнура Байышовна - (03.09.1977) - "Жаны Доор Сервис" ЖЧКсынын башкы эсепчиси.

Бейшенкул уулу Амантур - (26.04.1991) - Эсептөө палатасынын кызматкери.

Жолдошов Түмөнбек Эркинбекович - (04.08.1995) - дарыгер.

Белеков Мелис Касымович - (16.01.1986) - Бажы инфраструктурасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси.

Мамасадыков Замирбек Дуйшалиевич - 28.01.1981 - убактылуу иштебейт.

Алиева Эльмирахан Кочорбаевна - (30.03.1970) - пенсионер.

Шарапаткан Мажитова - (24.06.1955) - парламенттин экс-депутаты, "Модерн Стиль" ЖЧКсынын башчысы.

Юлдашева Зиядахан Исламовна - (02.10.1967) - Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары.

Маалымат үчүн: БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: