super.kg logo

Гренландия Евросоюзга кайтуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо

 

Гренландия улуттук коопсуздукка байланыштуу Европалык союзга кайра кошулуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Гренландия парламентинин вице-спикери Бентиарак Оттосен билдирди.

Анын айтымында, эгер АКШ тарабынан Гренландияга каршы жагымсыз экономикалык тарифтер киргизилсе, арал жетекчилиги Европалык союзга кайрылууга аргасыз болушу мүмкүн.

Белгиленгендей, бул маселе былтыр Гренландия парламентинде талкууланып, аралдын Европага кайтуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Азырынча Гренландиянын Европалык союзга Даниянын курамында же өз алдынча мамлекет катары кошулары тактала элек.

Оттосендин маалыматына ылайык, 2009-жылдан бери Гренландия автономиялуу макамга ээ болуп, келечекте Европалык союзга жана НАТОго өз алдынча мамлекет катары кирүү багытын да карап чыгышы мүмкүн.

Гренландия Дания падышачылыгынын курамына кирет. Ошол эле учурда Дональд Трамп арал АКШнын бөлүгү болушу керек деген пикирин бир нече жолу билдирген. Дания менен Гренландиянын бийлиги Вашингтонго аралды күч менен басып алуу аракетинен баш тартууну эскертип, өзүнүн аймактык бүтүндүгүн урматтоону талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: