Кыргызстанда баңгизатка көз каранды адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу пландалууда
Кыргызстанда баңгизатка көз каранды адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу 30-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 28-январда саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиев менен жолугушууда баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системи боюнча чаралар талкууланды.
Акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын жаштар арасында кеңири жайылышына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу жана реабилитациялык иштерди күчөтүүнү, анын ичинде Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги менен өз ара аракеттенүү аркылуу жалпы билим берүүчү мектептерде жана жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.
Ошондой эле Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачып, 80 орундуу керебет фондун уюштурууну пландаштырууда. Мында инсульттан кийинки бейтаптар медициналык көрсөткүчтөр боюнча Воронцовка айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо боюнча илимий-изилдөө институтунда реабилитациядан өтүшөт.
Министр мыйзамсыз иш алып барган реабилитациялык борборлордун ишине жол берилбестигин белгилеп, жардам көрсөтүүнүн ачык жана көзөмөлдөнгөн мамлекеттик системасын түзүүнү баса белгиледи. Ушуларды эске алуу менен кийинки беш жылга арналган мамлекеттик баңгизатка каршы программанын планы иштелип чыгууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















